• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ошко Москвадан 161 кыргызстандык учуп келди

Коом 0

Бишкек, 11.08.20. /Кабар/. Кечээ, 10-августта «Авиа Траффик Компани» авиакомпаниясынын «Москва-Ош» багыты боюнча чартердик каттамы менен 161 кыргызстандык кайтып келди, алардын арасында кичинекей балдар дагы бар. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Каттам чет мамлекеттерден биздин жарандарды кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында КР президентинин жана өкмөттүн тапшырмасын аткаруу үчүн жетишилген Кыргызстан менен Россиянын тышкы саясий мекемелеринин макулдашууларын жүзөгө ашыруу үчүн уюштурулган.

Учакта орундуктардын саны чектелүү жана Кыргызстанга кайтууну каалаган жарандар көп болгондуктан, аталган каттамга жүргүнчүлөрдүн тизмеси кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүнөн жана Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин кызматкерлеринен, КР өкмөтүнүн алдындагы Ички иштер министрлигинин жана Мамлекеттик миграция кызматынын өкүлдөрүнөн турган атайын Комиссия тарабынан түзүлгөн.

Каттамга Россиянын жогорку окуу жайларында окуган студенттер, төрөтүнүн мөөнөтү жакындап калган кош бойлуулар жана жаш балдары барлар, ошондой эле ыкчам түрдө мекенине кайтууга олуттуу себептери бар болгон жарандар: оор илдеттери бар жана буга чейин Россияга хирургиялык операция жана башка олуттуу медициналык процедураларды жасатууга келген жарандар, жакын туугандарынын өлүмүнө байланыштуу, кайтууга олуттуу себептери бар жана татаал турмуш кырдаалына кептелген жарандар кирди.

Чет мамлекеттерде жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын Кыргызстанга кайтарып келүү маршруттарын издөө боюнча иштер улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий