• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ошко Москвадан 191 кыргызстандык учуп келди

Коом 0

Бишкек, 21.08.20. /Кабар/. Бүгүн, 21-августта Кыргызстанга «Сибирь» авиакомпаниясынын «Москва – Ош» багыты боюнча чартердик каттамы менен 191 кыргызстандык учуп келди, анын ичинде кичинекей балдар дагы бар. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Бул каттам дүйнөдөгү коронавирус инфекциясынын пандемиясынын жайылышынан чек аралар убактылуу жабылышынан жана эл аралык жүргүнчү ташуу авиабилдирүүлөрүнүн токтошунан улам чет өлкөдөгү Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында КР президенти жана өкмөтүнүн тапшырмасын аткаруу үчүн Россия менен Кыргызстандын тышкы ведомстволорунун сүйлөшүүлөрүнүн негизинде ишке ашырылган.

Борттогу орундуктардын саны чектелүү жана Кыргызстанга келүүнү каалаган жарандардын саны көп болгондуктан бул каттамга жүргүнчүлөрдүн тизмесин кыргыз диаспорасынын, Элчиликтин кызматкерлеринин, ИММ өкүлчүлүктөрүнүн жана РФ КР өкмөтүнө караштуу ММК өкүлдөрүнөн турган комиссия түзгөн. Комиссиялык тандоо гуманитардык критерийлер боюнча КР жарандарынын жеке арыздарынын негизинде жүргүзүлдү.

Өзгөчө, каттамга Россиянын ЖОЖдорунда окуган студенттер, төрөтү жакындап калган кош бойлуулар жана жаш балдары бар аялдар, ошондой эле Мекенине чукул түрдө кайтышы керек болгон себеби бар жарандар, мисалы: оор илдеттери барлар, жакында эле хирургиялык операция жасаткандар, жакындарынын кайтыш болушу жана башка оор турмуш кырдаалдарына кабылгандар киргизилген.

Чет мамлекеттерде жүргөн жана мекенине кайтып келүүнү каалаган Кыргыз Республикасынын жарандарын кайтаруу боюнча иштер уланууда.

Пикир

Оставить комментарий