• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Ошко Москвадан 245 жаран кайтарылды

Коом 0

Бишкек, 19.08.20. /Кабар/. Бүгүн Ошко Москвадан 245 жаран, анын ичинде кичинекей балдар кайтарылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Учакта орундардын саны чектелүү болуп, Кыргызстанга кайтууну каалаган жарандардын саны көп болгондугуна байланыштуу жүргүнчүлөрдүн тизмеси кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүнөн, элчиликтин, КР Ички иштер министрлигинин жана Мамлекеттик миграция кызматынын Россиядагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлеринен турган комиссия тарабынан түзүлгөн.

Комиссиялык тандоо кыргызстандык жарандардын жеке кайрылууларынын негизинде гуманитардык критерийлер боюнча жүргүзүлгөн. Бул каттам менен Россиянын окуу жайларында билим алган студенттер, боюнда бар жана кичинекей балдары бар аялдар, жакын тууганынын каза болгондугуна байланыштуу кайтып жаткан, оор илдети бар жана мындан мурдараак хирургиялык операция жана башка медициналык процедуралар үчүн Россияга барган жарандар кайтарылган.

Министрликтен билдиришкендей, чет жерде жүргөн кыргызстандык жарандарды мекенине кайтаруу боюнча иштер уланууда.

Пикир

Оставить комментарий