• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ошко Москвадан кыргызстандык жарандар кайтып келди

Коом 0

Бишкек, 22.08.20. /Кабар/. Бүгүн, 22-августта Кыргызстанга «Сибирь» авиакомпаниясынын «Москва – Ош» багыты боюнча чартердик каттамы менен Кыргызстандын 174 жараны учуп келди, арасында жаш балдар да бар. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Бул каттам дүйнөдөгү коронавирус инфекциясынын пандемиясынын жайылышынан чек аралар убактылуу жабылышынан жана эл аралык жүргүнчү ташуу авиабилдирүүлөрүнүн токтошунан улам чет өлкөдөгү Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында КР Президенти жана Өкмөтүнүн тапшырмасын аткаруу үчүн Россия менен Кыргызстандын тышкы ведомстволорунун сүйлөшүүлөрүнүн негизинде ишке ашырылган.

ТИМдин басма сөз кызматынан кошумчалашкандай, чет мамлекеттерде жүргөн жана мекенине кайтып келүүнү каалаган Кыргыз Республикасынын жарандарын кайтаруу боюнча иштер уланууда.

Пикир

Оставить комментарий