• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ошко Москвадан кыргызстандык жарандар кайтып келди

Коом 0

Бишкек, 26.08.20. /Кабар/. Күн мурун, 26-августта "Урал аба жолдору" авиакомпаниясынын "Москва – Ош" багыты боюнча чартердик каттамы менен 243 КР жараны кайтып келди. КР ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, алардын арасында 26 жаш бала бар.

Бул каттам дүйнөдөгү коронавирус инфекциясынын пандемиясынын жайылышынан чек аралар убактылуу жабылышынан жана эл аралык жүргүнчү ташуу авиабилдирүүлөрүнүн токтошунан улам чет өлкөдөгү Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында КР Президенти жана Өкмөтүнүн тапшырмасын аткаруу үчүн Россия менен Кыргызстандын тышкы ведомстволорунун сүйлөшүүлөрүнүн негизинде ишке ашырылган.

Борттогу орундуктар чектелүү жана Кыргызстанга кайтып келүүнү каалаган жарандардын саны көп болгондуктан бул каттамга жүргүнчүлөрдүн тизмеси кыргыз диаспорасынын, Элчиликтин кызматкерлеринин, ИИМ жана Россия Федерациясындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ММК өкүлдөрүнөн турган Комиссия тарабынан түзүлгөн. Комиссиялык тандоо гуманитардык критерийлер боюнча КР жарандарынын жеке арыздарынын негизинде жүргүзүлдү. Өзгөчө, каттамга Россиянын ЖОЖдорунда окуган студенттер, төрөтү жакындап калган кош бойлуулар жана жаш балдары бар аялдар, ошондой эле Мекенине чукул түрдө кайтышы керек болгон себеби бар жарандар, мисалы: оор илдеттери барлар, жакында эле хирургиялык операция жасаткандар, жакындарынын кайтыш болушу жана башка оор турмуш кырдаалдарына кабылгандар киргизилген.

Чет мамлекеттерде жүргөн жана мекенине кайтып келүүнү каалаган Кыргыз Республикасынын жарандарын кайтаруу боюнча иштер уланууда.

Пикир

Оставить комментарий