• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Ошко Москвадан Кыргызстандын 198 жараны кайтып келди

Коом 0

Бишкек, 15.07.20 /Кабар/. Бүгүн, 15-июлда «Москва – Ош» багыты боюнча «S7 Airlines» авиакомпаниясынын чартердик каттамы менен Кыргызстандын 198 жараны кайтып келди. Алардын арасында жаш балдар дагы бар. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Каттам дүйнөдөгү коронавирус инфекциясынын пандемиясынын жайылышынан чек аралар убактылуу жабылышынан жана эл аралык жүргүнчү ташуу авиабилдирүүлөрүнүн токтошунан улам чет өлкөдөгү Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында КР Президенти жана Өкмөтүнүн тапшырмасын аткаруу үчүн Россия менен Кыргызстандын тышкы саясий ведомстволорунун жетишилген макулдашууларынын негизинде ишке ашырылган.

Учакта орундуктардын саны чектелүү жана Кыргызстанга кайтууну каалаган жарандар көп болгондуктан, аталган каттамга жүргүнчүлөрдүн тизмеси кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүнөн, Москвадагы кыргыз медициналык клиникалардын дарыгерлеринен жана Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин кызматкерлеринен турган атайын Комиссия тарабынан түзүлгөн.

Чет мамлекеттерде жүргөн КР жарандарын Кыргызстанга кайтаруу боюнча иштер улантылып жатат.

Пикир

Оставить комментарий