• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ошко Москвадан Кыргызстандын 235 жараны кайтып келди

Коом 0

Бишкек, 18.08.20. /Кабар/. Бүгүн, 18-августта Кыргызстанга «Урал аба жолдору» авиакомпаниясынын «Москва – Ош» багыты боюнча чартердик каттамы менен 235 кыргызстандык учуп келди, алардын арасында жаш балдар да бар. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы кабарлайт.

Бул каттам дүйнөдөгү коронавирус инфекциясынын пандемиясынын жайылышынан чек аралар убактылуу жабылышынан жана эл аралык жүргүнчү ташуу авиабилдирүүлөрүнүн токтошунан улам чет өлкөдөгү Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында КР Президенти жана Өкмөтүнүн тапшырмасын аткаруу үчүн Россия менен Кыргызстандын тышкы ведомстволорунун сүйлөшүүлөрүнүн негизинде ишке ашырылган.

Тышкы саясий ведомствонун басма сөз кызматынан кошумчалашкандай, чет мамлекеттерде жүргөн жана мекенине кайтып келүүнү каалаган Кыргыз Республикасынын жарандарын кайтаруу боюнча иштер уланууда.

Пикир

Оставить комментарий