• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ошко Москвадан Кыргызстандын 301 жараны кайтып келди

Коом 0

Бишкек, 23.07.20. /Кабар/. Бүгүн, 23-июлда Кыргызстанга «Аэрофлот – Российские Авиалинии» авиакомпаниясынын «Москва – Ош» багыты боюнча чартердик каттамы менен Кыргызстандын 301 жараны, анын ичинде жаш балдар кайтып келди. Бул тууралу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Каттам дүйнөдөгү коронавирус инфекциясынын пандемиясынын жайылышынан чек аралар убактылуу жабылышынан жана эл аралык жүргүнчү ташуу авиабилдирүүлөрүнүн токтошунан улам чет өлкөдөгү Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында КР Президенти жана Өкмөтүнүн тапшырмасын аткаруу үчүн Россия менен Кыргызстандын тышкы саясий ведомстволорунун жетишилген макулдашууларынын негизинде ишке ашырылган.

Учакта орундуктардын саны чектелүү жана Кыргызстанга кайтууну каалаган жарандар көп болгондуктан, аталган каттамга жүргүнчүлөрдүн тизмеси кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүнөн, Москвадагы кыргыз медициналык клиникалардын дарыгерлеринен жана Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин кызматкерлеринен турган атайын Комиссия тарабынан түзүлгөн.

Жүргүнчүлөрдүн тизмесин түзүү гуманитардык критерийлер боюнча КР жарандарынын жеке арыздарынын негизинде жүргүзүлдү. Өзгөчө, каттамга Россиянын ЖОЖдорунда окуган студенттер, төрөтү жакындап калган кош бойлуулар жана жаш балдары бар аялдар, ошондой эле Мекенине чукул түрдө кайтышы керек болгон себеби бар жарандар, мисалы: оор илдеттери барлар, жакында эле хирургиялык операция жасаткандар, жакындарынын кайтыш болушу жана башка оор турмуш кырдаалдарына кабылгандар киргизилген.

Чет мамлекеттерде жүргөн жана мекенине кайтып келүүнү каалаган Кыргыз Республикасынын жарандарын кайтаруу боюнча иштер уланууда.

Пикир

Оставить комментарий