• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ошко Новосибирсктен 150 жаран кайтарылды

Коом 0

Бишкек, 15.08.20. /Кабар/. Бүгүн Ошко Новосибирсктен 150 жаран, анын ичинде кичинекей балдар кайтарылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Бул каттам менен келген жүргүнчүлөрдүн тизмеси Кыргызстандын Новосибирсктеги Башкы консулдугуна жарандардан келген кайрылуулардын негизинде түзүлгөн. Тизмеге боюнда бар жана кичинекей балдары бар аялдар, кары-картаңдар, Новосибирскке операцияга келген жарандар жана студенттер киргизилген. Бул каттам менен Новосибирск, Красноярск, Иркутск, Южно-Сахалинск, Владивосток, Якутск жана Сибирь федералдык аймагынын башка шаарларындагы кыргызстандык жарандар кайтарылган.

Министрлик чет жерде жүргөн жарандарды кайтаруу боюнча иштер уланып жатканын билдирет.

Пикир

Оставить комментарий