• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ошко Новосибирсктен Кыргызстандын жарандары кайтып келди

Коом 0

Бишкек, 01.08.20. /Кабар/. Бүгүн, 1-августта Кыргызстанга «Сибирь» (S7) авиакомпаниясынын Новосибирск–Ош багыты боюнча каттамы менен мекенине Россиядан 169 кыргыз жараны кайтып келди, анын ичинде жаш балдар да бар. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, чартердик рейс чет мамлекеттерден биздин жарандарды кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында КР Президентинин жана Өкмөттүн тапшырмасын аткаруу үчүн уюштурулган.

Жүргүнчүлөрдүн тизмеси Кыргызстанга кайтууга муктаж болгон КР жарандарынын берген кайрылууларынын кезеги боюнча түзүлгөн, алардын катарында кош бойлуу аялдар, жаш балдары бар аялдар, улгайган жарандар, Новосибирсктин клиникаларында операция жасаткандар, Сибирь федералдык округунун ЖОЖдорунда окуган кыргызстандык студенттер бар. Ошондой эле бул каттам менен Сибирь федералдык округунун башка региондорунан, Иркутск облусунан жана Красноярсктан КР жарандары дагы учуп келди.

Бул рейс аркылуу Кыргызстанга Новосибирск облусунун кыргыз диаспорасы тарабынан түзүлгөн жалпы баасы 700 миң рубль болгон дары-дармек каражаттары жана ультрафиолет лампалары катары гуманитардык жүк келди.

Чет мамлекеттерде жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарын Кыргызстанга кайтарып келүү маршруттарын издөө боюнча иштер улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий