• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ошко Новосибирск жана Екатеринбургдан кыргызстандык жарандар учуп келди

Коом 0

Бишкек, 22.08.20. /Кабар/. Бүгүн, 22-августта «Авиа Траффик Компания» авиакомпаниясынын «Новосибирск – Ош» багыты боюнча Кыргызстанга Россиядан 152 КР жараны кайтып келди, алардын арасында жаш балдар да бар. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Ошондой эле бүгүн «Авиатраффик» авиакомпаниясынын «Екатеринбург – Ош» багыты боюнча чартердик каттамы менен 162 кыргыз жараны кайтарылган.

Чартердик каттамдар дүйнөдөгү коронавирус инфекциясынын пандемиясынын жайылышынан чек аралар убактылуу жабылышынан жана эл аралык жүргүнчү ташуу авиабилдирүүлөрүнүн токтошунан улам чет өлкөдөгү Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында КР Президенти жана Өкмөтүнүн тапшырмасын аткаруу үчүн ишке ашырылган.

КР Тышкы саясий ведомствонун басма сөз кызматынан кошумчалашкандай, чет мамлекеттерде жүргөн жана мекенине кайтып келүүнү каалаган Кыргыз Республикасынын жарандарын кайтаруу боюнча иштер уланууда.

Пикир

Оставить комментарий