• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ошко Санкт-Петербургдан 184 кыргызстандык учуп келди

Коом 0

Бишкек, 09.07.20. /Кабар/. Бүгүн Кыргызстанга «Уральские авиалинии» авиакомпаниясынын «Санкт-Петербург – Ош» каттамы менен Россиядан 184 КР жараны учуп келди. Алардын ичинде жашы жете элек балдар дагы бар. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, каттам эки өлкөнүн тышкы саясий ведомстволорунун келишимдеринин негизинде дүйнөдө COVID-19 коронавирус инфекциясынын пандемиясынан улам эл аралык жүргүнчү ташуу авиабилдирүүлөрү токтотулгандыгына байланыштуу, чет өлкөлөрдөн КР жарандарын кайтаруу боюнча КР президенти жана өкмөтү тарабынан коюлган тапшырмаларды аткаруунун алкагында ишке ашырылды.

Чет мамлекеттерде жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын Кыргызстанга кайтарып келүү маршруттарын издөө боюнча иштер улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий