• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ошко Санкт-Петербургдан Кыргызстандын жарандары келди

Коом 0

Бишкек, 22.08.20. /Кабар/. Күн мурун, 21-августта, «Авиа Траффик Компания» авиакомпаниясынын «Санкт-Петербург – Ош» багыты боюнча чартердик каттамы менен Кыргызстандын 177 жараны учуп келди, алардын арасында жаш балдар да бар. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлиги кабарлайт.

Бул каттам дүйнөдөгү коронавирус инфекциясынын пандемиясынын жайылышынан чек аралар убактылуу жабылышынан жана эл аралык жүргүнчү ташуу авиабилдирүүлөрүнүн токтошунан улам чет өлкөдөгү Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында КР Президенти жана Өкмөтүнүн тапшырмасын аткаруу үчүн Россия менен Кыргызстандын тышкы ведомстволорунун сүйлөшүүлөрүнүн негизинде ишке ашырылган.

Бул каттамга жүргүнчүлөрдүн тизмеси Кыргыз Республикасынын жарандарынын жеке кайрылууларынын негизинде Санкт-Петербург шаарында жашаган кыргызстандыктардын өз ара аракеттешүү ыкчам штабында комиссия тарабынан түзүлгөн.

Чет мамлекеттерде жүргөн жана мекенине кайтып келүүнү каалаган Кыргыз Республикасынын жарандарын кайтаруу боюнча иштер уланууда.

Пикир

Оставить комментарий