• 84.8
  • 98.41
  • 1.19

Ошко өткөн жылы Франциядан 10 миңге жакын турист келген

Аймак 0

Бишкек, 08.06.20. /Кабар/. Бүгүн, 8-июнда өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев Франциянын Кыргыз Республикасындагы элчиси Микаэль Руну кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Узарбек Жылкыбаев Ош облусундагы кырдаал, алакалар тууралуу маалымат берип, ОБСЕ жана дүйнөлүк өнүктүрүү банкы аркылуу бир катар кызматташкан долбоорлор үчүн ыраазычылык билдирип, франциялык туристтердин көңүлүн бурган тоо туризми, Ленин чокусу Ошто жайгашкандыгын белгиледи. Ошондой эле өкүл туристтерге котормочу, гид даярдоо үчүн Ош мамлекеттик университетинде атайын чет тилдери факультети бар экендигин, анда бир катар адистер даярдалып жатканын кошумчалаган.

Элчи Ру жашыл туризм, маданият туризми боюнча Кыргызстан Европа, анын ичинде Франция туристтеринин көңүлүн бураарын, ага далил катары 2013-жылы КРга 2 миң 730 турист келсе, 2019-жылы 9 миң 300 турист келгендигин айткан.

Өкмөт өкүлү жеңил өнөр жай тармагында алака кеңейтүү да максатка ылайыктуу экендигин белгилеп, спорт кийимдеринин бренд дүкөндөр тармагын ачуу боюнча иштер башталып, азыр кырдаалга байланыштуу токтоп тургандыгын белгилеген.

Пикир

Оставить комментарий