• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ошко учуп бара жаткан учак Манас аэропортуна кайтууга аргасыз болду - күбө

Коом 0

Бишкек, 4-апрель /Салтанат Абдраева – Кабар/. Бишкектен Ош шаарына учуп бара жаткан учак Манас аэропортуна кайтууга аргасыз болду. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине учактын жүргүнчүсү күбө Нурсултан Кулов билдирди.

Анын айтымында, каттоо туура жүрүп, саат 8де Боинг абага көтөрүлгөн. Бир канча убакыт учкан соң, учак силкине баштаган. Буга байланыштуу учак Манас аэропортуна кайтып келип конгон.

“Биз аэропортто бир аз отуруп, эми кайрадан каттоодон өтүп жатабыз. Белгилүү болгондой башка учак менен учат экенбиз”, - деди Н.Кулов. Ошондой эле, ал Бишкектен Баткенге учуучу каттамды токтотушканын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий