• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ошко жардам катары келген ун сатылып жатабы? Коменданттын жообу

Аймак 0

Бишкек, 09.04.20. /Кабар/. Ошко жардам катары келген ун сатылышы мүмкүн эмес. Бул тууралуу Ош шаарынын, Кара-Суу жана Ноокат районунун коменданты Малик Нурдинов билдирди.

Түз эфирде өткөн маалымат жыйында Оштун комендантына "жардам катары келген ун 1450 сомдон, ал эми сатыкта турган ун 1900дөн сатылып жатат" деген билдирүү келип түшкөн.

"Жардамга келген ун сатылышы мүмкүн эмес. Ал эми 1900 сомдон сатылып жатканы боюнча биз толук кандуу текшеребиз. Кымбаттап кеткени боюнча кечээ шаардын мэри жана райондук акимдер дагы калкка кайрылуу жасаган. Доллардын кымбаттаганы менен кээ бир азык-түлүктүн баасы өскөн. Бирок кабатыр болууга негиз жок", - дейт ал.

9-апрелге карата Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 280ге жетти. Алардын ичинен 34 дарыгер илдетти жуктуруп алды. Коронавирустан 30 жаран айыкса, ооруну жугузуп алган 4 адам каза болду.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий