• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Ош мамлекеттик педагогикалык университети менен Казань федералдык университети кызматташат

Билим 0

Бишкек, 03.02.22. /Кабар/. 2022-жылдын 13-20-январь күндөрү Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин (ОшМПУ) делегациясы Татарстандын Казань федералдык университетинде (КФУ) жумушчу сапары менен болуп келишти. Бул тууралуу ОшМПУнун басма сөз кызматы билдирет.

Иш сапардын алкагында окуу жайдын ректору Бекмурза Зулуев жана Тышкы байланыштар департаментинин жетекчиси Турсун Субанов алгач КФУнун институттары, андагы материалдык база менен таанышып, окуу жайдын окутуучулары, илимий кызматкерлери менен жакындан баарлашып, пикир алышты.

Андан соң, делегация КФУнун ректорунун милдетин аткаруучу, профессор Дмитрий Таюрский менен жолугушуп, эки тараптуу билим берүү кызматташтыгын арттыруу багытында бир топ маселелерди талкуулашты.

Мында профессор Дмитрий Таюрский КФУнун Кыргызстандагы ЖОЖдор менен кызматташтыгынын пайдубалы 2019-жылдын жаз айларында, Кыргызстанга болгон иш сапарынын алкагында түптөлгөнүн белгилеп, мындан ары бул алаканы өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Ал эми Бекмурза Зулуев КФУнун эмгек жамаатынын ишмердүүлүгү мыкты, тажрыйбасы мол экенин эске алуу менен ОшМПУнун окутуучуларынын билимин жогорулатуу жана өнүктүрүү үчүн өз тажрыйбалары менен бөлүшөрүнө ишеним көрсөтүп, КФУнун жетекчилигине жооп иретинде иш сапары менен окуу жайга келип кетүүгө чакырды.

Ошондой эле Дмитрий Таюрский мындай иш сапардын масштабын кеңейтүүнү жана биргелешкен конференция өткөрүүнү сунуштады. Анын алкагында 2022-жылы Казань шаарында өтө турган “21-кылымдагы мугалимдин билим берүү, кесипкөйлүгүн жогорулатуу жана ден соолугун сактоо” VIII эл аралык мугалимдердин билим берүү форумуна байланыштуу иш-чараларга биргеликте катышуу максаттуу аракет болорун баса белгиледи.

17-январь күнү университеттин ректорлор залында меморандумга кол коюу аземи болуп өттү. Мында эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрүп, натыйжада окуу жайлар тажрыйба алмашууга, ошондой эле мугалимдердин билим берүү тармагында адистерди даярдоо боюнча биргелешкен программаларды ишке киргизүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Жыйындын соңунда КФУнун ректорунун милдетин аткаруучу, профессор Дмитрий Таюрский жана ОшМПУнун ректору, профессор Бекмурза Зулуев мугалимдердин билимин жогорулатуу жана илимий-изилдөө иштери жаатында ЖОЖдор аралык кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту.

Эскерте кетсек, 2021-жылдын 19-октябрында ОшМПУнун ректору Бекмурза Зулуев КФУнун өкүлдөрүн кабыл алып, бирге кызматташуу үчүн келишимге кол коюшкан.

Пикир

Оставить комментарий