• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

ОшМПУда “Ден соолук - 2022” спартакиадасы болуп өттү

Аймак 0

Бишкек, 24.01.22. /Кабар/. Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде (ОшМПУ) жыл сайын салтка айланган факультеттер аралык профессордук-окутуучулар жамаатынын ортосундагы “Ден соолук - 2022” кышкы спартакиадасы болуп өттү. Бул тууралуу окуу жайдын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, спартакиада 17-январдан 21-январга чейин окуу жайдын дене тарбия факультетинин жетектөөсүндө өткөрүлүп, мында бардык факультеттин мугалимдеринен куралган 7 команда оюн көрсөтүштү.

Спартакиадада стол тенниси, волейбол, тогуз коргоол сыяктуу спорттун түрлөрү боюнча мелдештер өттү.

Бүгүн кышкы спартакиада жыйынтыкталып, сыйлоо аземи болуп өттү. Ага окуу жайдын ректору Бекмурза Зулуев баштаган жетекчилик жамаат жана окутуучулар катышты. Мында 1 жумалык таймаштын жеңүүчү командаларына жана мыкты оюн көрсөткөн катышуучуларга жетекчилик тарабынан диплом жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Иш-чараны уюштуруунун башкы максаты - ден соолукту чыңдоо, спортко болгон кызыгууну арттыруу жана жамааттын ынтымагын, достугун бекемдөө менен спортту өнүктүрүү болуп саналат.

Спартакиада жыл сайын окуу жайдын жетекчилигинин демөөрчүлүгү астында дене тарбия факультетинин жамааты тарабынан үзгүлтүксүз уюштурулуп келет.

Пикир

Оставить комментарий