• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ОшМУ делегациясы Түркияда сапарда

Аймак 0

Бишкек, 14-июнь /Кабар/. Мевлана академиялык мобилдүүлүктү өнүктүрүү программасынын алкагында ОшМУнун эл аралык мамилелер факультетинин деканы, доцент Эрлан Камалов жана эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы, доцент Семетей Амиралиев Туркиянын Мунзур университетине тажрыйба алмашуу, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жана конок лекцияларды окуу максатында 14 күндүк иш сапарда жүрөт. Бул тууралуу аталган окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди.

Иш сапардын программасы боюнча ОшМУнун аталган кызматкерлери Мунзур университетинин ректору профессор Убейде Ипек, профессорлору, декандардын орун басарлары, кесиптик колледждин директору профессор Эрдем Ышык, ошондой эле департаменттердин башчылары, магистранттар жана студенттер менен өз ара кызматташуу багытында сүйлөшүүлөрдү өткөрүүдө. Ошондой эле Мевлана, ДААД, Туркия бурслары, Эрасмуз+, Фараби жана башка программалар аркылуу Ош мамлекеттик университети менен Мунзур университетинин ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү тууралуу сөз кылышты.

ОшМУнун кызматкерлери аталган университеттин профессордук-окутуучулук курамына, магистранттарына жана студенттерине Кыргызстан, касиетүү Ош шаары жана Ош мамлекеттик университети тууралуу видеороликтерди көрсөтүп, бет ачарларды жасашты жана ОшМУнун эл аралык байланыштары тууралуу кенен айтып беришти. Иш чара суроо-жооп менен коштолуп, жандуу талкуу жүрдү. Ошондой эле, декан Эрлан Камалов “Кыргыз Республикасындагы чакан жана орто бизнестин өнүгүүсү” деген темада кызыктуу конок лекция окуп берди.

Мындан сырткары Түркиянын Элазык шаарында жайгашкан Фират университети, Ван провинциясында орун алган Битлис университеттери менен академиялык мобилдүүлүктү өнүктүрүү багытында эки тараптуу келишимдерди түзүү аркылуу кызматташуу жолдорун талкуулашты.

Сапардын жүрүшүндө Эрлан Камалов жана Семетей Амиралиев Анкара шаарына келип, Кыргызстандын Түркиядагы ыйгарымдуу укуктуу элчиси, ОшМУнун сыймыктуу бүтүрүүчүсү Ибрагим Жунусов жана ТҮРКСОЙ эл аралык уюмундагы Кыргыз Республикасынын өкүлү Кожогелди Култегин менен жолугушуп, Кыргызстан менен Түркия элинин достук мамилелерин күчөтүү жана окуу жайлар арасындагы байланыштарды чыңдоо боюнча пикир алмашышты.

Пикир

Оставить комментарий