• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ОшМУ эл аралык олимпиададан ийгиликтүү кайтты

Билим 0

Бишкек, 10-май /Кабар/. 2017-жылдын 4-6-май күндөрү Казакстандын Караганда шаарында көп тилдүүлүк боюнча студенттердин эл аралык олимпиадасы болуп өттү. Бул тууралуу ОшМУнун басма сөз кызматы билдирди.

Олимпиадага Тажик Республикасынан 3, Кыргыз Республикасынан 5 -Кыргызстан эл аралык университети (Бишкек ш.), Борбордук Азиядагы эл аралык университет (БАЭУ, Токмок ш.), ОшМУ, ЖАМУ, ОшМСУ, Казак Республикасынын 17 жогорку окуу жайынан, бардыгы болуп 25 ЖОЖдон 102 студент катышты. Олимпиада 4 тур менен өтүп, 18 тилде баарлашуу болду.

“Олимпиада билим берүү аркылуу тилдик жана маданий көп түрдүүлүктү сактоо, өнүктүрүү максатын көздөгөн. Чет тили боюнча олимпиадалар өткөрүлгөндө, көп учурда эне тилине көңүл бурулбай калчу. Ал эми бул олимпиаданын өзгөчөлүгү чет тилдерин билген студенттердин өз эне тилин С1 деңгээлде билүүсүн да талап кылгандыгында болду”, - деп айтылат билдирүүдө.

Ош мамлекеттик университетинин дүйнөлүк тилдер факультетинен 2 студент катышып, жыйынтыгында Калчороева Бегимай «Эне тилин мыкты билүүчү» номинациясы боюнча 1-орунга, Жыргалбек уулу Самат «Мамлекеттик тилди мыкты билүүчү» номинациясында 2-орунга жетишишти.

“Эскерте кетүүчү нерсе, биздин студенттердин эне тили да, мамлекеттик тили да кыргыз тили болгондуктан, мамлекеттик тил деген турда расмий тилден, тактап айтканда орус тилинен күч сынашышты. Жыргалбек уулу Самат орус тилиндеги коммуникативдик жөндөмдүүлүгү боюнча орунга жетишти. Ошондой эле, кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин улук окутуучусу Асылкан Маматова уюштуруу комитетинин чакыруусу менен кыргыз тили боюнча эксперт жана калыстар тобунун мүчөсү катары катышып келди”, -дешти ОшМУдан.

Олимпиада учурунда окутуучулар үчүн көп тилдүү билим берүү үчүн адистерди даярдоо маселелерине арналган семинар, ошондой эле экинчи тилди окутуу методикасы, CLIL методикасы боюнча мастер-класстар болуп өттү. Семинар учурунда А.Маматова «Педагогикалык факультеттерде көп тилдүү билим берүү программасы боюнча адистерди тилдик жактан даярдоону өзгөртүүгө карата аракеттер (ОшМУнун мисалында)» («Подходы к изменению языковой подготовки в программах многоязычного образования на педагогических факультетах (на примере ОшГУ)») деген аталышта баяндама жасады.

Жалпы командалык эсепте 1-орунга академик Е.Букетов атындагы Караганды мамлекеттик университети, 2-орунга Казакстандагы Гумилев атындагы Евразия университети, 3-орунга Ош мамлекеттик университети ээ болуп, сертификаттар жана кубок менен сыйланышты.

Ошондой эле, көп тилдүүлүк боюнча студенттердин эл аралык олимпиадасынын уюштуруу комитети Ош мамлекеттик университетинин ректору Каныбек Исаковго ыраазычылык кат жолдошту.

ОшМунун жалпы жамааты олимпиаданын катышуучуларын жана аны жетектеп алып барган Асылкан Маматовага ыраазычылык билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий