• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

ОшМУ Япониянын Medical Excellence Japan компаниясы менен кызматташат

Коом 0

Бишкек, 17.05.22. /Кабар/. Кечээ,16-майда Кыргызстандын Япониядагы элчилигинин жардамы менен ОшМУнун Япониянын Medical Excellence Japan компаниясы менен биринчи онлайн-жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу КР ТИМинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууга Кыргызстандын Япониядагы элчиси Мирлан Арстанбаев, ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков, Medical Excellence Japan компаниясын аткаруучу директорлору Минору Акияма жана Чиаки Миеши жана аталган компаниянын башка өкүлдөрү катышты.

Жолугушууда тараптар билим берүү жана медицина тармагындагы абал боюнча пикир алмашып, мындан аркы эки тараптуу кызматташууну бекемдөө боюнча пландарды белгилешти.

Тактап айтканда, ОшМУнун ректору Кожобеков чет мамлекеттик жана ички медицина кызматкерлерин тартуу менен эл аралык стандарттуу клиниканы түзүү боюнча университеттин планын белгиледи. Бул долбоор жарандарды заманбап медициналык кызматтар менен камсыздап, ошондой эле университет үчүн клиникалык база болуп калмакчы.

Medical Excellence Japan компаниянын өкүлдөрү бул долбоорго кызыгуусун жана аны ишке ашыруу үчүн күч-аракетин жумшоого даяр экендигин билдирди.

Жолугушуунун соңунда тараптар жумушчу топ түзүп, кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюу чечим кабыл алышты.

Маалымат үчүн: Medical Excellence Japan компаниясы 2011-жылы Япония өкмөтүнүн көмөгү менен түзүлгөн жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк болуп саналат. Medical Excellence Japan Япониянын медициналык кызматтарын илгерилетип, ошондой эле чет элдик дарыгерлердин япон медицинасына жеткиликтүүлүгүн камсыздайт.

Пикир

Оставить комментарий