• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

ОшМУ Малайзиянын университети менен кызматташат

Аймак 0

Бишкек, 04.10.18. /Кабар/. Малайзия өлкөсүнүн борбору Куала-Лумпурда жайгашкан Малай университетинин профессорлору Кумар Менон жана Халимах Бинти Аванг Ош мамлекеттик университетине иш сапары менен келишти.

Аталган окуу жайдын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, дүйнөдөгү алдыңкы университеттердин катарын толуктаган Малай университетинин профессорлору ОшМУнун ректору Каныбек Исаков менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташуулар боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшүп, эки университеттин ортосунда түзүлгөн келишимдердин алдыдагы перспективалык пландарын талкуулашты.

Малайзиядан келген профессорлор университеттин Эл аралык медицина, Эл аралык мамилелер, Кыргыз-Кытай, Кыргыз-Европа, Искусство, Дүйнөлүк тилдер жана маданият факультеттеринде болушуп, окутуучулар, студенттер менен жолугушууларды өткөрүштү.

Андан тышкары “Академиялык өнүгүү, изилдөө жана академиялык кат жазуу” темасында атайын тренинг өтүштү.

Пикир

Оставить комментарий