• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ОшМУ менен Чыгыш университетинин ортосунда меморандумга кол коюлду

Билим 0

Бишкек, 13.03.18 /Кабар/. Кечээ, 12-март күнү ОшМУ Махмуд Кашкари Барскани атындагы Чыгыш университети менен кызматташтык боюнча меморандумга кол койду. Бул тууралуу ОшМУнун басма сөз кызматы билдирди.

Аталган жогорку окуу жайдын ректору Алмаз Ибраев баштаган делегация ОшМУга келишип, окуу иштери боюнча проректор Расул Абазбек уулу баш болгон ректораттын өкүлдөрү жана эл аралык мамилелер факультетинин профессордук-окутуучулук жамааты жана студенттер менен жолугушту.

"Жолугушууда ОшМУнун окуу иштери боюнча проректору Расул Абазбек уулу делегациянын курамын ОшМУда сапаттуу билим берүү багытында жасалып жаткан иш аракеттер менен тааныштырды. Учурда университет сапаттуу билим берүү, ички жана сырткы академиялык мобилдүүлүктү күчөтүү, жаңы заманбап инфраструктураларды түзүү, көп тилдүү билим берүү, профессордук-окутуучулук курамдын дүйнөнүн алдыңкы университеттеринен тажрыйба алмашуусуна шарт түзүү сыяктуу иш аракеттер менен тынымсыз ишке ашып жаткандыгын белгиледи", - деп айтылат маалыматта.

Махмуд Кашкари Барскани атындагы Чыгыш университетинин ректору Алмаз Ибраев делегациянын атынан ОшМУнун жамаатына ыраазычылык билдирип, ар тараптуу өнүккөн окуу жай менен кызматташтыкка даяр экендиктерин, эки окуу жайдагы окшош адистиктер ортосунда академиялык мобилдүүлүктү күчөтүп, ар тараптуу кызматташтыктарды өнүктүрүүгө кызыкдар экендиктерин айтты.

Белгилей кетсек, Ош мамлекеттик университети дүйнөнүн 30 өлкөсүндөгү 171 окуу жай менен келишимдерге кол коюп, тыгыз кызматташтыкта иш алып барып келе жаткан ачык университет.

Пикир

Оставить комментарий