• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ОшМУ Омск облусунун ЖОЖдору менен кызматташат

Билим 0

Бишкек, 30.03.23. /Кабар/. Омск облусунун экономика министринин орун басары Константин Чуловский баштаган делегация Ош мамлекеттик университетинде (ОшМУ) болду.

ОшМУнун басма сөз кызматынан билдиришкендей, делегация окуу жайдын ректору Кудайберди Кожобеков баштаган жамаат менен жолугуп билим берүү, илим изилдөө, жогорку окуу жайлар ортосундагы кызматташтык тууралуу пикир алышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө делегация өкүлдөрү ОшМУ менен Омск облусундагы Омск мамлекеттик университети, Омск мамлекеттик медициналык университети, Омск мамлекеттик агрардык университети сыяктуу бир топ жогорку окуу жайлар менен кызматташууда көпүрө болуп берерин, учурда аталган окуу жайлар ОшМУ менен кызматташууга даяр экендиктерин кошумчалашты.

Ошондой эле ОшМУнун студенттери, магистранттары Омск облусундагы мекеме-ишканаларда, медициналык мекемелерде практикадан өтүү мүмкүнчүлүктөрү тууралуу сөз болду.

17-19- апрель күндөрү Омск облусунун губернатору баштаган делегация Ош облусуна атайын иш сапары менен келет. Иш-чарада ОшМУ менен Омск облусунун ЖОЖдорунун ортосунда эки тараптуу кызматташуу келишимдери түзүлөт.

Учурда ОшМУ Россиянын 70тен ашуун ЖОЖдору менен кызматташып келет.

Пикир

Оставить комментарий