• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ОшМУ Россиянын 7 ЖОЖу менен кызматташат

Билим 0

Бишкек, 09.06.22. /Кабар/. 8-9-июнь күндөрү Россиянын Екатеринбург шаарында Кыргызстан менен Россиянын жогорку окуу жайларынын ректорлорунун II форуму болуп өттү. Ага Россиядан 60, Кыргызстандан 31 жогорку окуу жайдын ректорлору катышты.

Кыргызстандын Ош мамлекеттик университетинин басма сөз кызматы билдиргендей, форумдун алкагында ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университети, Россия мамлекеттик гуманитардык университети, Россиянын Саламаттык сактоо министрлигинин Биринчи Москва мамлекеттик медициналык университети, Владимир мамлекеттик университети, Урал мамлекеттик экономикалык университети, Урал мамлекеттик агрардык университети, Урал мамлекеттик медициналык университеттеринин ректорлору менен кызматташуу келишимдерине кол койду.

Келишимде биргелешкен билим берүү, илим жаатында кызматташуу, студент, магистрант, аспирант, окутуучулар арасында академиялык мобилдүүлүк, илимий сапарларды, стажировкаларды, кесипти жогорулатуу курстарын уюштуруу, конок лекцияларды өткөрүү үчүн белгилүү илимпоздор менен адистерди чакыруу, окуу программаларын алмашуу, илимий долбоорлорду ишке ашыруу, конференцияларды уюштуруу аркылуу эл аралык маданий байланыштарды өнүктүрүү багыттары камтылган.

Форум Россиянын ректорлор союзу, Москва мамлекеттик университети, Россиянын Билим берүү жана илим министрлиги, КР ЖОЖдорунун ассоциациясы, Урал федералдык университети, КР Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан уюштурулган.

I форум IX орус-кыргыз аймактар аралык конференциясынын алкагында 2019-жылы Бишкек шаарында өткөн.

Пикир

Оставить комментарий