• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

ОшМУ студенттер үчүн заманбап спорт комплексин курууну баштады

Аймак 0

Бишкек, 17.07.19. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Ош мамлекеттик университети студенттер үчүн заманбап спорт комплексин курууну баштады. Бул тууралуу аталган университеттин маалымат бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, жаңы салынып жаткан имараттын узундугу 40 метрди, туурасы 20 метрди түзөт. Спорт комплекси заманбап жабдуулар менен камсыз кылынат.

Спорт комплекси жаңы окуу жылынын башталышында, тактап айтканда сентябрь айында пайдаланууга берилмекчи.

Пикир

Оставить комментарий