• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ОшМУ Түркиянын бир катар ЖОЖдору менен кызматташуу келишимдерине кол койду

Аймак 0

Бишкек, 30.01.20. /Кабар/. Ош мамлекеттик университетинин (ОшМУ) ректору Кудайберди Кожобеков баштаган делегация Түркиянын Сивас, Анкара, Токат, Амася шаарларындагы жогорку окуу жайлары менен кызматташтыкты өнүктүрүү максатында иш сапарында болду. Бул тууралуу окуу жайдан билдиришти.

Иш сапардын алгачкы күнү Жумхуриет университетинде башталды. Делегация университеттин жалпы түзүлүшү, структурасы жана иштөө менеджменти менен жакындан таанышты. Ошондой эле Жумхуриет университетинин ректору, профессор Алим Йылдыз мырза менен жолугушуу болуп өттү. Жолугушууда эки тараптуу бирдиктүү иш алып баруу маселесинин тегерегинде сөз болуп, мындан ары эки университет ар бир адистик боюнча студенттерди академиялык мобилдүүлүккө жиберүү, өз ара кызматташтыкты бекемдөө чечимине келишти. Башкача айтканда, ОшМУнун түрдүү адистигинде билим алып жаткан 100 студентти Түркиянын Жумхурият университетинде мобилдүүлүктүн негизинде 1 жыл окутуу чечимине жетишишти.

Иш сапардын кийинки бөлүгү Токат шаарындагы Османгазипаша атындагы университетинде жана Амася шаарындагы Амася университетинде уланды. Османгазипаша атындагы университетинин ректору, профессор Буньямин Шахин жана проректорлору Ибрахим Өзбай мырзалар менен эки тараптуу кызматташуу келишими, Мевлана жана Эрасмус плюс программалары боюнча келишимдерге кол коюлду. Амася университетинин ректору, профессор Сулейман Елмажы менен эки тараптуу кызматташуу жана Мевлана программасы боюнча келишимге кол коюлду.

Аталган университеттер менен ОшМУ студенттер ортосунда академиялык мобилдүүлүктү гана өнүктүрбөстөн окутуучулардын илим изилдөө, тажрыйба алмашуу багытында кызматташтыктарын да бекемдейт.

Кошумчалай кетсек, Анкара шаарында Түркиянын Юнус Эмре институнун (Түрк тилин жана маданиятын дүйнөгө жайылтуу мамлекеттик мекемеси) өкүлчүлүгүн ОшМУнун базасында ачуу боюнча сүйлөшүүлөр болду.

Пикир

Оставить комментарий