• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ОшМУ Түркиянын Сивас Жумхуриет университети менен кызматташат

Аймак 0

Бишкек, 20.10.21. /Кабар/. Ош мамлекеттик университети (ОшМУ) Түркиянын Сивас Жумхуриет университети менен кызматташуу келишимине кол койду. Бул тууралуу ОшМУнун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кол коюу салтанаты ОшМУнун башкы имаратында өттү. Ага Сивас Жумхуриет университетинин ректору, профессор Алим Йылдыз, аталган окуу жайдын проректорлору, профессор Үнал Кылыч, профессор Хакан Йекбаш, эл аралык байланыштар департаментинин башчысы, профессор Али Аксу, ОшМУнун профессордук-окутуучулук курамы, студенттер катышты.

Салтанаттуу жыйында ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков 2020-жылы Түркиянын окуу жайларына болгон иш сапарда Жумхуриет университетинде болуп, ректор Алим Йылдыз менен жолугушуп, ОшМУнун түрдүү адистигинде билим алып жаткан 100 студентти ар жылы аталган университетке академиялык мобилдүүлүккө жөнөтүү чечимине келишкендигин, ушул тапта ОшМУнун 24 студенти Жумхуриет университетинде билим алып жаткандыгын айтты.

Ректор Алим Йылдыз эки тараптуу кызматташуу келишимине кол коюу аземи эки университеттин ортосундагы ар тараптуу кызматташууга жол ача тургандыгын айтып, бакалавр багытында гана кызматташуу жүрбөстөн келечекте магистратура, докторантура, кош дипломдуу билим берүү багыттаранда да кызматташууга кызыкдар экендигин билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө ОшМУнун ректору, профессор Кудайберди Кожобеков жана Сивас Жумхуриет университетинин ректору, профессор Алим Йылдыз эки тараптуу кызматташуу келишимине койду.

Сивас Жумхуриет университети 1974-жылы ачылган Түркиядагы 13-университет болуп саналат. Окуу жайда 47 000 жергиликтүүү жана 2500 чет элдик студенттер билим алышат.

Пикир

Оставить комментарий