• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ОшМУ Өзгөн районунда жер көчкүдөн жабыркан элге жүз миң сом өлчөмүндө жардам көрсөттү

Аймак 0

Бишкек, 4-май /Кабар/. Ош мамлекеттик университетинин жалпы жамааты Өзгөн районунда жер көчкүдөн жабыркан элге көңүл айтуу менен бир күндүк эмгек акынын эсебинен 100 000 (жүз миң) сом өлчөмүндө жардам көрсөтүүнү чечти. Бул тууралуу 3-майда ОшМУнун ректору Каныбек Исаков маалымдаганын окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, 29-апрелде эртең менен саат 6:40тар чамасында Өзгөн районун Зергер айыл аймагындагы Аюу айылында көлөмү 200 миң метр куб жер көчкү жүрүп, алты үй-бүлөдөн 24 кишини басып калган.

Пикир

Оставить комментарий