• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

ОшМУ жана КМДБ “Куранды” кыргыз тилине которушту, 10 миң нуска акысыз таратылат

Коом 0

Ош, 19.12.17. /Ерлан Тургунбаев – Кабар/. Ош мамлекеттик университети жана Кыргызстандын мусулмандарынын дин башкармалыгы Курани Карим Түркия Диянет фондунун “Менин белегим – Куран” долбоорунун алкагында мусулмандардын ыйык китебин кыргыз тилине которушту. Бул тууралуу окуу жайдын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Китептин ачылышы 18-декабрда болуп, ага ОшМУнун мугалимдер жамааты, дин башкармалыгыгын өкүлдөрү жана Түркиядан келген коноктор катышты. Бардыгы болуп 10 миң нуска чыгарылды.

Китепти кыргыз тилине ОшМУнун теология факультетинин деканынын орун басары Ферхет Гөкченин жетекчилиги алдында Абдышүкүр Исмаилов, Дүйшөн Абдылдаев, Садык Гавай жана Садибакас Дооловдор которгон.

Теология факультети 2 жыл ичинде диний билим берүү жана тарбия боюнча дээрлик 50 жакын китепти кыргыз тилинде чыгарып, акысыз тараткан.

Пикир

Оставить комментарий