• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ОшМУда баасы 100 миң долларлык “Виртуалдык клиника” ачылды

Аймак 0

Ош, 3-март /Ерлан Тургунбаев - Кабар/. Ош Мамлекеттик университетинин алдындагы Медицина факультетинде студенттерге бардык зарыл билим-жөндөмдүүлүктөрдү тажрыйба жана теория түрүндө өздөштүрүүнү шарттаган “Виртуалдык клиника” ачылды.

Виртуалдык клиника «Терапия», «Хирургия», «Акушерлик», «Гинекология» жана «Төрөт” бөлүмдөрүнөн турат. Клиникада адамдын манекендери, симуляцияларды жүргүзүү үчүн дары-дармектер бар.

“Виртуалдык клиникада” медициналык багытта билим алган студенттер үчүн тажрыйба жузүндө билим алуу жана үй тапшырмаларын аткаруу шарттары түзүлгөн. “Виртуалдык клиниканынын” ачылышы үчүн Швейцария элчилиги тарабынан 50 миң доллар, ошондой эле ОшМУнун бюджетинен 50 миң доллар бөлүнгөн.

Пикир

Оставить комментарий