• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ОшМУда “Билим майрамы” өткөрүлдү

Билим 0

Бишкек, 11-май /Кабар/. Ош мамлекеттик университетинде 11-май күнү университеттин башкы имаратында кесипке багыт берүү иш-чараларынын алкагында уюштурулган “Билим майрамы” өткөрүлдү. Бул тууралуу аталган окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди.

“Билим майрамында” ОшМУнун факультеттери, институттары, колледждери, лицейлери, магистратура департаменти, түзүмдүк бөлүмдөрү жандуу көргөзмө-бет ачарларын көрсөтүшүп, университетте окутулуп жаткан адистиктер (багыттар) жана материалдык-техникалык база менен жакындан тааныштыруу максатында жарманкелер уюштурулду.

Аталган майрамга карата жыйын уюштурулуп, ага Ош, Жалал-Абад,Баткен облустарындагы мектептердин директору, Ош шаардык билим берүү башкармалыгынан, жогорку окуу жайлардан, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын бардык райондорунан, Ош шаарынын бардык мектептеринен мектеп бүтүрүүчүлөрү, жогорку окуу жайларынан студенттер, мектеп мугалимдери, ата-энелери келип майрамга күбө болуп, каалаган адистик боюнча маалымат алышып, студенттердин колунан жасалган жаңы табылгалар менен таанышып, университет боюнча саякат жасашты.

Иш чаранын жүрүшүндө университет тууралуу даярдалган чакан тасма көрсөтүлүп, ОшМУнун ректору Каныбек Исаков “Изденүү жолундагы ийгиликтүү ОшМУ” деген аталыштагы презентация жасады.

Ал эми Ош шаарындагы иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгынын бөлүм башчысы Кумар Ромашев “Эмгек рыногунун жумушчу күчүнүн сапатына карата талабы” деген аталышта баяндама жасады. Ошондой эле, ОшМУнун ЖОЖго чейинки даярдоо департаментинин директору Т.Эркебаев ОшМУда окуп жаткан студенттердин жалпы саны боюнча мектептердин рейтингин аныктаган маалымат менен тааныштырды. Маалыматта камтылгандай, 2016-2017-окуу жылында ОшМУда окуп жаткан студенттердин санына жараша рейтингде №50 П.Ж.Нышанов атындагы гимназия 207 студент менен биринчи, Ош шаарындагы №4 С.М.Киров атындагы орто мектеби 148 студент менен экинчи, №42 “Керме-Тоо” орто мектеби 141 студент менен үчүнчү орунда экендиги айтылып, алдыңкы 23 мектепке жана эң жогорку балл алган алдыңкы 30 окуучунун предметтик мугалимдерине ОшМУнун дипломдору, ардак грамоталары жана баалуу белектери тапшырылды.

Ал эми келген абитуриенттерге уюштуруучулар тарабынан ОшМУ тууралуу маалыматтар таркатылып, ОшМУнун “Адис” окуу борбору тарабынан мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн көз карандысыз тестирлөө борборлорунда алдын-ала ЖРТга тестирлөөлөр жүргүзүлдү. Жыйынтыгында эң жогору балл алган Ош шаарындагы №14 орто мектебинин окуучусу Курманбек уулу Эмил 1-орунга, №18 орто мектебинин окуучусу Жаанбаева Элвира 2-орунду, Кара-Суу районундагы Т.Бердибеков орто мектебинин окуучусу Талас кызы Айчүрөк 3-орунду ээлеп ОшМУнун ректорунун атайын белектерине ээ болушту жана алар ОшМУга тапшырууну максат кылгандыктарын билдиришти.

Ошондой эле 2016-жылы жогорку балл алып ОшМУнун математика жана информациялык технологиялар факультетинде гранттык негизде билим алып жаткан Кара-Суу районунун №101 К.Момбеков отындагы орто мектебинин 1996-жылкы бүтүрүүчүсү Анипа Арыкпаевага ОшМУнун Ардак грамотасы тапшырылды жана ал билим алуунун эрте-кечи жок экендигин белгиледи.

Белгилей кетсек, Бүгүн Ош МУда 17 факультет, 2 билим берүү институту, 1 илим изилдөө институту, 3 колледж, 2 лицей, 1 окуу борбору, 1 бала бакча, 22 эл аралык борбор, 5 кампус, 30 окуу имараты, 9 жатакана, 1 мейманкана, 3 медициналык клиника, Ысык-Көлдө пансионаты, Ошто “Ак-Буура” эс алуу жайы, студенттик профилакториясы, 10дон ашык спорттук комплексттери, 20дан ашуун китепканасы, электрондук китепканалар, 30дан ашуун окуу залдары, аспирантура жана ординатура, магистратура жана PhD докторантура бөлүмдөрү бар.

Пикир

Оставить комментарий