• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ОшМУда англис тилин окутуунун заманбап ыкмалары талкууланды

Билим 0

Бишкек, 11.09.17 /Кабар/. Ош мамлекеттик университетинин дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинде 8-9-сентябрь күндөрү англис тилин окутууда заманбап коммуникативдүү ыкмаларды колдонуу боюнча эл аралык форум болуп өттү. Бул тууралуу аталган окуу жайдан билдиришти.

Форумга Япониянын Конан университетинин профессору британиялык Роджер Палмер жана америкалык окутуучу Майкл Коллинз, Кайчи, Эл аралык университетинин профессору жаны зеландиялык Элизабет Лендж, Тезукаяма Гакуин университетинин профессору канадалык Грег Роалт, Киото Бункио университетинин профессору америкалык Лоуренс Леви жана Гакушуин университетинин профессору кореялык Джон Парк катышышты.

Аталган окумуштуулардын демилгеси менен түзүлгөн англис тили мугалимдеринин ассоциациясы ТНТ (“Мугалимден мугалимге жардам”) өнөктөштүк демилгеси менен Кыргызстандын англис тилчи мугалимдерине усулдук жардамдарын көрсөтүлүүдө.

Форумдун биринчи күнүндө жогорку окуу жайларда англис тилин окутуунун инновациялык усулдары тууралуу маселелер талкууланса, экинчи күнүндө орто окуу жайларында англис тилин окутуунун натыйжалуу усулдарына басым жасалды.

Пикир

Оставить комментарий