• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

ОшМУда «Чыңгыз Айтматовдун мурасы: Ааламдашуу доорунда биримдикте жашоо» аттуу форуму өттү

Аймак 0

Бишкек, 15.10.18. /Кабар/. 11-12-октябрь күндөрү Ош мамлекеттик университетинде «Чыңгыз Айтматовдун мурасы: Ааламдашуу доорунда биримдикте жашоо» аттуу II кыргыз-казак илимий жана чыгармачыл интеллигенция форуму өттү.

Маалыматка ылайык, форумга Эл аралык Түрк академиясынын ага серепчиси Кадыралы Конкобаев, А. Байтурсунов атындагы Тил илими институтунун директору, Казакстан Республикасынын ишмери, Казакстан Илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, филология илимдеринин доктору Ерден Задаулы Кажыбек, Эл аралык Түрк академиясы президентинин кеңешчиси, политология илимдеринин доктору Ержан Бекбауулы Иссакулов, Кыргыз эл акыны, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Кыргыз улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Акбар Рыскулов, Кыргыз эл артисти, кинорежиссер Геннадий Базаров, КРнын Президентинин кеңешчиси Султан Раев, манасчы, акын, жазуучу, драмтург, дастанчы, жырау Баянгали Токанулы Алимжанов, Кыргыз Республикасынын Эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Назира Мамбетова, Э.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин кафедра башчысы, педагогика илимдеринин доктору Абдыкерим Муратов, Ош мамлекеттик университетинин ректору Каныбек Исаков жана кыргыз-казак элдеринин бир топ окумуштуулары, акын-жазуучулар, өнөр адамдары катышты.

Экинчи ирет өтүп жаткан форум Ош шаарында, анын ичинде Борбордук Азиядагы эң чоң университетте өтүп жаткандыгынын мааниси терең экендигин, форумдун Ош шаарында өтүүсүнө Ош мамлекеттик университети демилгечи болгондугун, Ош шаары Түрк дүйөсүнүн маданий борборуна айлана тургандыктарын катышуучулар белгилешти.

Залкар жазуучу Ч.Айтматовдун 90 жылдык мааракесине арналган форум КРнын Президентинин Аппараты, Эл аралык Түрк Академиясы жана Ош мамлекеттик университети биргеликте уюштурду. Кыргыз-казак форумунун биринчи отуруму мындан он жыл мурун Казакстандын Алматы шаарында өткөн. Эки элдин достугуна данакер болгон мындай саамалык кийинки жылы Казакстандын Талдыкорганында өтөөрү маалым болду.

Форумдун жүрүшүндө катышуучулар Ош шаары жана Ош мамлекеттик университети менен таанышып, ОшМУнун искусство факультетинин окутуучуларынын сүрөт көргөзмөлөрүнө күбө болушту. Форумга арналып 11-октябрь күнү кечинде ОшМУ тарабынан академиялык кече тартууланды. Кечеде таланттуу студенттер залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун бардык чыгармаларынын негизинде даярдалган композицияны тартуулашты. Мыкты даярдык менен коюлган композиция көрүүчүлөрдүн көзүнө жаш алдырды.

Форумдун экинчи күнү казак-кыргыз илимпоз окумуштуулары, акын-жазуучулары, өнөр адамдары эки элдин достугун даңазалап, ойлорун ортого салып, пикир алышып, достук, ынтымак, биримдиктин мааниси тууралуу баарлашышты. Форумдун жүрүшүндө манасчы, акын, жазуучу, драмтург, дастанчы, жырау Баянгали Токанулы Алимжанов “Манас” эпосунан үзүндү айтса, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Назира Мамбетова Толгонайдын монологун аткарып форумдун катышуучуларынын алкышына арзыды. Соңунда форумдун катышуучулары тарабынан кыргыз, казак элдерине кайрылуу жолдонду.

Пикир

Оставить комментарий