• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ОшМУда «Дени сак шаар - жакшы жашоо үчүн!» ураанынын астында веложарыш өттү

Аймак 0

Бишкек, 08.04.22. /Кабар/. Ош мамлекеттик университетинде (ОшМУ) Дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата «Дени сак шаар - жакшы жашоо үчүн!» деген ураандын астында веложарыш өттү. Бул тууралуу окуу жайдын басма сөз кызматы билдирет.

Иш-чара ОшМУнун студенттик коомчулук менен иштөө боюнча проректору Жылдыз Артыкова, Аялдар кеңешинин төрайымы Насира Көчкөнбаева тарабынан демилгеленген.

Веложарышка окуу жайдын факультет, колледждеринин Аялдар кеңешинин төрайымдары катышты.

Велосипед тебүү - сергек жашоо образын жайылтуу, велосипедди активдүү эс алуунун жана ден соолукту чыңдоонун каражаты катары пайдалануу, экологиялык жактан таза транспорт жана жол коопсуздугу катары жайылтуу, окуу жайдын ар бир факультет, колледждеринде велосипед транспортун пайдаланууга чакыруу максатында өткөрүлдү.

Жеңүүчүлөр кубок, дипломдор менен сыйланды.

Пикир

Оставить комментарий