• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

ОшМУда эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына арналган эл аралык конференция өттү

Аймак 0

Бишкек, 26.08.21. /Кабар/. ОшМУда эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына арналган эл аралык конференция өттү. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, конференция “Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгы: тарыхый традициялар, руханий баалуулуктар, жетишкендиктер” деген темада өтүп, ага Ош облусунун башчысынын орун басары Данияр Жаныкулов, окумуштуулар жана коомдук ишмерлер, коноктор катышты.

Конференциянын пленардык отурумунда академик, профессор А. Асанканов “Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнө 30 жыл”, Аль-Фараби атындагы Казак Улуттук университетинин кафедра башчысы, профессор Калыш Аманжол “Чыгыш таануучу Ш.-Э. Ужфальвинин Кожа Ахмед Яссауи күмбөзү тууралуу изилдөөлөрү”, ОшМУнун чыгыш таануу жана тарых факультетинин деканы, доцент С. Арстанов “Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн тарыхый-укуктук негиздери” деген темаларда баяндама жасашты.

Кадимки жана онлайн форматтарда уюштурулган конференцияга Россия, Казакстан, Өзбекстандан окумуштуулар, окутуучулар, студенттер катышты.

Пикир

Оставить комментарий