• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

ОшМУда гранттык комиссия өз ишин баштады

Аймак 0

Бишкек, 08.07.19. /Кабар/. Бүгүн, 8-июль күнү саат 08:00дө абитуриенттерди кабыл алуунун I туру башталып, бардык адистиктер боюнча айрылма талондорду таштоо жүрүүдө. Бул тууралуу Ош мамлекетти университетинин басма сөз кызматы билдирди.

“ОшМУда жети жылдан бери кабыл алуунун ачык-айкын уюштуруу багытында жүргүзүп жаткан иштери быйылкы кабыл алууда да ишке ашууда. Айта кетсек абитуриент тарабынан ташталуучу айрылма талондор атайын сканер аркылуу компьютерге киргизилип, ал дароо сыртка коюлган экрандарда жана интернеттеги университеттин http://www.oshsu.kg сайтындагы конкурстук абал деген бөлүгүндө онлайн-режиминде чагылдырылууда. Абитуриенттер өз позияциясын каалаган жерде интернет аркылуу көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ”, -деди ОшМУнун кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы Алимбек Исмаилов.

Билим берүү министрлиги бекиткен босого балл боюнча бюджеттик негизде билим алуу үчүн 110 балл, кошумча предметтери 60тан жогору, келишимдик негизде билим алуу үчүн негизги тесттен 110дон кем эмес балл алган абитуриенттерге конкурска катышууга мүмкүнчүлүк берилген.

"Кошумчалай кетсек, кабыл алуунун биринчи туру 8-июль күнү башталса, 10-июль күнү саат 14:00 жыйынтыкталып гранттык комиссия тарабынан каралат. Комиссия тарабынан сунуш кылынган абитуриенттер документтерин тапшырууга укук алышат", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, учурда ОшМУда 19 факультет, 2 институт, 2 академия, 4 колледж, 6 гимназия, 2 окуу борбордо 30 000 ден ашуун студент, магистрант, докторант билим алууда.

Пикир

Оставить комментарий