• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

ОшМУда “Казак тили жана маданияты” борбору ачылды

Аймак 0

Бишкек, 07.12.22. /Кабар/. Ош мамлекеттик университетинин (ОшМУ) кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинде Л.Н.Гумилев атындагы Евразия улуттук университетинин филиалы болгон “Казак тили жана маданияты” борбору ачылды. Бул тууралуу окуу жайдын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, аземге Казакстандан Л.Н.Гумилев атындагы Евразия улуттук университетинин илим, коммерциялаштыруу жана интернационалдаштыруу боюнча проректору Жанна Курмангалиева, филология факультетинин деканы Ардак Бейсенбай баштаган делегация келди.

Ошондой эле иш-чарага Казакстандын Оштогу консулу Мухтар Карибай, ОшМУдан ректор Кудайберди Кожобеков баштаган Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин профессордук-окутуучулук жамааты катышты.

Л.Н.Гумилев атындагы Евразия улуттук университетинин филиалы болгон “Казак тили жана маданияты” борбору кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин кыргыз адабияты кафедрасынын башчысы Абдымиталип Мурзакметовдун жетекчилигинде уюшулган. Борборго Абдымиталип Мурзакметов өзүнүн жеке китепканасынан 150гө жакын казак адабияттарын, 300дөй открыткаларды, 200гө чамалуу төш белгилерди алып келип койгон.

Л.Н.Гумилев атындагы Евразия улуттук университетинин филиалы болгон “Казак тили жана маданияты” борборунан окутуучулар, магистрлер жана студенттер илимий изилдөө иштерди жүргүзүүдө пайдаланышса болот. Ошондой эле Ош шаарындагы казак диаспорасынын өкүлдөрү казак адабияттарын алып окуп турушат.

Борбордун ачылыш аземинен кийин Казакстандын Оштогу консулу Мухтар Карибайдын азыркы кыргыз поэзиясынын казак тилиндеги “Мекеним” аталышындагы антологиясы презентацияланып, студенттер китептеги поэзиялардан көркөм ырларды айтышты.

Мындан сырткары, “Котормо жана котормо таануу” адистиги боюнча кош дипломдуу билим берүүгө багытталган келишимге кол коюлду. Ага ылайык, тапшырган студенттер 5 семестр ЕУУда окуп, окуунун калган 3 семестрин ОшМУда улантышат. Жыйынтыгында эки окуу жайдын тең дипломдоруна ээ болушат. Студенттер ЕУУдагы окуусу үчүн акы төлөбөйт жана жатаканадан орундар акысыз берилет.

Ал эми жакынкы күндөрү Л.Н.Гумилев атындагы Евразия улуттук университетинде “Кыргыз тили жана маданияты” борбору ачылат. Бүгүнкү күндө ОшМУ Казакстандын 35 окуу жайы менен ар тараптуу жемиштүү иштешип келет.

Пикир

Оставить комментарий