• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

ОшМУда кино тартуу боюнча мастер-класс өткөрүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 10.03.22. /Кабар/. Ош мамлекеттик университетинин (ОшМУ) Киноакадемиясынын студенттери үчүн атайын кино тартуу боюнча 1 жумалык мастер-класс өтүп жатат. Бул тууралуу окуу жайдын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, мастер-классты кино тармагынын кесипкөй адистери - Кыргыз эл артисти, белгилүү актер Мурат Мамбетов, КМШ өлкөлөрүнө таанымал экшн-оператор Адилет Акматов, сценарист Найзабек Сыдыков, кинооператор Канат Асанакунов жана каскадёр Эрнист Туленов өтүп жатат.

Студенттердин катышуусунда сценарий жазуу, актердук чеберчилик, режиссердук жана оператордук иш жүзүндө көрсөтүлүп жатат. Мастер-класстын жыйынтыгында студенттер 4 кыска метраждуу кино тартып, көрүүчүлөргө сунушташат.

Кыска метраждуу, сапаттуу кино тартуу боюнча уюштурулган мастер-класс ректор Кудайберди Кожобековдун демилгеси менен ишке ашууда.

Буга чейин Киноакадемиянын студенттери окутуучулары менен биргеликте 2 кыска метраждуу кино тартып, 4 спектакль даярдап сахнага алып чыккан. Бир нече сынактарга катышып байгелүү орундарды алып келүүдө.

Пикир

Оставить комментарий