• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

ОшМУда Корей тили жана маданияты борбору ачылды

Билим 0

Бишкек, 14.02.22. /Кабар/. Ош мамлекеттик университетинде (ОшМУ) Корей тили жана маданияты борбору ачылды. Бул тууралуу окуу жайдын басма сөз кызматы билдирет.

Ачылуу аземине Бишкектеги Түштүк Корея Республикасынын билим берүү борборунун директору Ким Дэ Гван жана ОшМУнун эл аралык байланыштар департаментинин директору Абдыганы Абдувалиев катышты.

Борбор студенттердин корей тилин, корей маданиятын, кыргыз тили менен корей тилинин окшоштук, өзгөчөлүктөрүн изилдөөгө ылайыкташкан бардык техникалык каражаттар жана 1500дөн ашуун адабияттар менен камсыздалат.

Түштүк Кореянын билим берүү борборунун директору Ким Дэ Гван дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинде корей тили адистигинде билим алып жаткан студенттерге I семестрдеги окуунун жыйынтыктары боюнча Корей өкмөтүнүн 400 доллардан стипендиясын тапшырды. Корей өкмөтү тарабынан корей тилин жана маданиятын тереңдетип окутуу үчүн атайын адис да тартылган. Окутуучу Кан Джиен ОшМУда бир жыл аралыгында студенттерге билим берет.

Корей тили адистигинде билим алып жаткан студенттер 2-курстан тартып академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында Түштүк Кореянын жогорку окуу жайларынан I семестр окуп келүү мүмкүнчүлүгүнө да ээ.

Пикир

Оставить комментарий