• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ОшМУда Лу Бань институту ачылат

Аймак 0

Бишкек, 16.06.22. /Кабар/. Кыргызстандын Ош мамлекеттик университети менен Кытайдын Чжэцзян илимий-техникалык университетинин ортосунда меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу ОшМУнун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, меморандумдун алкагында Кыргызстанда Лу Бань институту ачылат.

Кол коюу салтанатына ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков жана Чжэцзян илимий-техникалык университетинин ректору Чэн Цзянмин катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Чжэцзян илимий-техникалык университетинин ректору өзгөчө маалымат технологиялары (IT) жаатында адистерди даярдоо замандын талабы экендигине токтолду.

ОшМУнун ректору институттун ачылышы Кыргызстанда маалымат технологиялары жана техникалык жааттагы адистерди даярдап чыгарууда аябай чоң өбөлгө түзөрүн белгиледи. ОшМУ бул демилгелерди ар тараптан колдоого алып, кыргыз-кытай факультетинин базасында ишке ашырууга даяр экендигин маалымдады.

Белгилей кетсек, Лу Бань институту дүйнө жүзүнүн көптөгөн өлкөлөрүндө ачылып, негизинен Кытайдын окуу жайлары менен бирге чет өлкөлүк окуу жайлар илимий-техникалык адистерди даярдап келет.

Пикир

Оставить комментарий