• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ОшМУда Мамлекеттик туу күнү белгиленди

Аймак 0

Бишкек, 3-март /Кабар/. Бүгүн, Ош мамлекеттик университетинде Ыйман, адеп, маданият жылына жана 3-март Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун кабыл алынган күнүнө карата мекенчилдик иш чарасы иш күнүнүн башталышы менен эртең менен саат 8-00дөн тартып университеттин башкы имаратынын алдында профессордук-окутуучулук курамдын, студенттердин катышуусунда өттү. Бул тууралуу ЖОЖдун маалымат кызматы билдирди.

Аталган иш-чара студенттерди мекенчилдикке тарбиялоо, жаштарга Кыргыз Республикасынын атрибуттарын, символикаларын таанытуу, даңазалоо, Кыргыз Республикасынын туусуна коомчулуктун көңүлүн буруу жана ага урматтоо сезимдерин калыптандыруу максатында уюштурулду.

Иш чарада ак калпак кийген жигиттер Кыргыз Республикасынын туусун көтөрүп турушту. Алгач КРнын Гимни жаңырып, андан соң кыргыз элинин мекенчилдик ырлары үзгүлтүксүз ырдалып турду.

Салтанатта сөз сүйлөгөн ОшМУнун ректору Каныбек Исаков Кыргызстандын эң башкы символикаларынын, атрибуттарынын бири болгон КРнын туусунун 25 жылдыгы менен куттуктап, туу мекенибиздин ар бир жараны үчүн ыйык, баалуу экендигин белгилеп, ар бир жарандын жүрөгүндө тууга болгон урматтоо сезими жашап турсун деген тилегин билдирди. Ошондой эле салтанаттын жүрүшүндө Кыргызстан Калкынын Ассамблеясынын Ош облусу боюнча төрагасы, т.и.д., профессор Балтагул Нурунбетов туу күнү менен куттуктап “Жүзүңөр жарык, тууңар бийик болсун”,-десе, студенттердин атынан сөз сүйлөгөн физика-техника факультетинин студенти Алтынбек уулу Муратбек жаштарды мекенди сүйүүгө, урматтоого чакырды.

Бул иш-чара салтка айланып ар жылы университеттин бардык структураларында уюштурулуп келет.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусу 1992-жылы 3-мартта Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилип, 5-март күнү өкмөт үйүнүн имаратында көтөрүлгөн. Туунун авторлору: Э. Айдарбеков, Б.Жайчибеков, С.Иптаров, Ж. Матаев, М. Сыдыковдор.

Пикир

Оставить комментарий