• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ОшМУда пластикалык терезе, каалга жана эмеректерди жасоочу өндүрүштүк лаборатория ачылды

Коом 0

Ош, 22-февраль /Кабар/. Ош мамлекеттик университетинин (ОшМУ) алдында пластикалык терезелерди, каалгаларды жана эмеректерди жасоочу өндүрүштүк лаборатория ачылды. Бул тууралуу ОшМУнун администрациясынан билдирди.

Учурда бул ишкана Ош мамлекеттик университетинин кампустары, окуу корпустары, жатаканалары үчүн бардык зарыл болгон пластикалык терезелерди, каалгаларды, стол, стулдарды, шкафтарды ж.б. жасоодо.

Ведомстводон билдиргендей, биринчи кезекте аталган ишканадан студенттер практикалык тажрыйба алышат. Ошондой эле, ОшМУнун жаңы окуу корпустары үчүн керектүү мебелдерди жасоо менен аларды сатып алууга жумшалчу чыгым азаят. Ишканада 10 жумушчу эмгектенүүдө. Ишкананы түзүү демилгеси Ош МУнун ректору Каныбек Исаков тарбынан көтөрүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий