• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ОшМУда “Санарип университет” конференциясы өтүп жатат

Аймак 0

Бишкек, 17.09.20. /Кабар/. Бүгүн, 17-сентябрда Ош мамлекеттик университетинде “Санарип университет” аталыштагы конференция өтүп жатат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, конференция Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылына" карата жана КР президенти Сооронбай Жээнбековдун билим берүүнү санариптештирүү боюнча сунушунун негизинде өтүүдө.

Конференциянын негизги максаты – кесиптик орто жана жогорку окуу жайлардын ортосундагы тажрыйба алмашу, ийгиликтүү практикаларды үйрөнүү жана санариптешүү аркылуу билим берүү сапатын жогорулатуу, коррупциялык тобокелдиктерден арылуу болуп саналат.

Жыйында Каныбек Исаков билим берүү тармагын санариптештирүү багытында жасалып жаткан жумуштар, билим берүү системасынын пандемия шартына карата ыңгайлашуусу жана Билим берүү жана илим министрлигинин акыркы бир жыл аралыгында аткарган иштери боюнча маалымат берди.

"Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылынын" алкагында ОшМУ заманбап-санариптик билим берүү чөйрөсүн түзө алды. Бул багытта электрондук университет долбоору толугу менен ишке ашууда. Алдыда окуу жайдын ички структуралык бөлүмдөрү арасындагы кагаз жүгүртүүнү толук санариптештирүү, ошондой эле, "Түндүк" тутуму аркылуу мамлекеттик мекемелер менен автоматташтырылган түрдө маалымат алмашууга жетишүү турат.

Иш-чарага КР президентинин аппаратынын гуманитардык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү жана жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы Кудайберген Базарбаев, өкмөт аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысы Жанна Саралаева, Жогорку окуу жайлардын ассоциациясынын төрагасы Абдылда Мусаев, билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков, министрдин орун басары Нурлан Омуров жана Кыргызстандагы жогорку жана орто кесиптик окуу жайлардын жетекчилери катышууда.

Пикир

Оставить комментарий