• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ОшМУда «Санарип университет» конференциясы жыйынтыкталды

Аймак 0

Бишкек, 18.09.20. /Кабар/. Ош мамлекеттик университетинде «Санарип университет» конференциясы жыйынтыкталды. Бул тууралуу аталган окуу жайдын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, конференцияда пандемия шартында билим берүүнү уюштуруу багытында жасалып жаткан иш-аракеттер, санарип университетти калыптандыруудагы алдыңкы тажрыйбалар көрсөтүлдү.

Иш-чарага президенттик аппараттын гуманитардык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү жана жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы Кудайберген Базарбаев, өкмөттүн аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысы Жанна Саралаева, билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков, жогорку жана орто кесиптик окуу жайларынын жетекчилери катышты.

Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков «Кыргыз Республикасынын билим берүү системасынын пандемия кырдаалына ыңгайланышуусу», Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков «Окуу процессин уюштуруу жана башкарууну «Бирдиктүү терезе» принцибинде санариптик трансформациялоо» темасында баяндама жасашты.

Иш-чаранын экинчи бөлүгүндө катышуучулар «Санарип университет» конференциясында айтылган иштерди жеринде көрүшүп, окуу жайда жаңы курулган имараттар, борборлор, тигүү цехтер, студиялар, медициналык клиникаларынын мисалында санариптештирүү тажрыйбасын көрүшүп, Москва мамлекеттик университетинин филиалынын курулушу менен таанышып чыгышты.

ОшМУда өткөн конференция тууралуу өкмөттүн аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысы Жанна Саралаева мындай пикирин билдирди: «Бүгүнкү ОшМУда өтүп жаткан конференция учурдун талабы. Санарип учурдун актуалдуу темаларынын бири болгондуктан кыргыз өкмөтү бул багытта көйгөйлөрдү чечүү жолдорун карап, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен тыгыз иш алып барууда» -деди, Ж.Саралиева.

Кыргыз улуттук университетинин ректору Канат Садыков: «Кыргызстандагы университеттердин ичинен ОшМУнун акыркы 7 жылдын ичиндеги өсүп-өнүгүүсү жана санараптиштерүү багытында жасаган иштери абдан көрүнүктүү болуп жаткандыгы байкалууда».

«ОшМУ Кыргызстандагы университеттердин көч башында. Нарын университети да ОшМУнун жакшы жетишкендиктерин үйрөнүп, өнүгүүгө багыт алабыз», - деди Нарын мамлекеттик университетинин ректору Таштанбек Сияев.

С. Ибраев атындагы Агротехникалык колледжинин директору Алмазбек Ибраев: «ОшМУ санариптешүү боюнча алдыда турган бирден-бир университеттердин бири. Технологиялар аябай өнүгүптүр, баары менен көрүп, таанышып жатабыз. Биз көрбөгөн, билбеген жаңы технологиялардын түрлөрүн көрүп, пайдалануу процесстери менен тааныштык. Купулубузга толуп турат, биз да окуу жайыбызда ушул иштерди жасайбыз деп ниет кылып турабыз».

Экономика жана финансы институтунун ректору Айылчы Сарыбаев: «ОшМУ жөнүндө мурун эле угуп жүрчүбүз, бирок келип көргөн эмес экенмин. Жетишкен ийгиликтери арбын экен. Санариптештирүү багытында иштери абдан жогорку деңгээлде. Университеттин стратегиялык максатында айтылгандай Орто Азиядагы алдынкы 5 университеттин катарына кирүүгө толук мүмкүнчүлүгү бар экен. ХХI кылымдын талаптары боюнча ОшМУ алдыңкы орунда экендигине ынандык».

Белгилей кестек, «Санарип университет» конференциясы «Аймакты өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылынын» алкагында президент Сооронбай Жээнбековдун билим берүүнү санариптештирүү боюнча сунушунун негизинде өткөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий