• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ОшМУда студенттик өзүн-өзү башкаруу уюмдарына шайлоо өттү

Аймак 0

Бишкек, 13-июнь /Кабар/. Ош мамлекеттик университетинин студенттик өзүн-өзү башкаруу уюму болуп саналган Жаштар комитетинин төрагасын жана студенттик Акыйкатчысын шайлоо 12-июнда болуп өттү. Бул тууралуу аталган окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди.

Аталган шайлоого ОшМУда күндүзгү бөлүмдө окуган студенттердин атынан дайындалган 300 делегат катышып, алар бюллетень аркылуу добуш беришти. ОшМУнун окуу иштери боюнча проректору Абазбек уулу Расул шайлоонун төрагасы, профсоюз уюмунун төрагасы Абдижапар Аккулов төраганын орун басары кызматын алып барып, шайлоо боюнча атайын комиссиянын курамында Ош шаарындагы башка жогорку окуу жайларынан да өкүлдөр болушту.

Шайлоонун жүрүшүндө алгач университетте 2 жыл аралыгында иш алып барган Жаштар Комитетинин төрагасы Азиретали Маткалыков жана студенттик Акыйкатчысы Кубанычбек уулу Нурсултан бул жылдар аралыгында аткарылган иш аракеттер боюнча жыйынтык отчетун беришти.

Жыйындын жүрүшүндө Жаштар Комитетинин төрагалыгына койгон 3 талапкер жана студенттик Акыйкатчысына койгон 4 талапкер делегаттарды өздөрүнүн платформалары менен тааныштырып, ийгиликтери тууралуу видео-роликтерди коюп, берилген суроолорго жооп беришти.

Жыйынтыгында делегаттардын көп добушуна ээ болгон физика-техника факультетинин студенти Алтынбек уулу Муратбек Жаштар комитетинин төрагасы, аталган факультеттин дагы бир студенти Бектурсун Орозали уулу студенттик Акыйкатчылыгына шайланышты.

Пикир

Оставить комментарий