• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ОшМУда заманбап «Видеоконференцбайланыш залы» ачылды

Аймак 0

Бишкек, 6-июль /Кабар/. Erasmus+ KyrMedu долбоорунун алкагында 5-июлда Ош мамлекеттик университетинин математика жана маалыматтык технологиялар факультетинин ИТАС кафедрасында «Видеоконференцбайланыш залы» ачылды. Бул тууралуу аталган окуу жайдан билдиришти.

Саамалыкка ректор Каныбек Исаков, ректораттын курамы, МИТ факультетинин окутуучулар жамааты катышып, видеоконференцбайланыш залдын ачылышына салым кошкон долбоордун координаторлоруна, мүчөлөрүнө ыраазычылык билдиришип, видеоконференцияларды, онлайн сабактарды уюштурууга ылайыкташкан зал келечекте мыкты адистердин чыгуусуна шарт түзгөн зал болсун деген тилектерин билдиришти.

Аталган долбоордун ОшМУдагы координатору Жумагул Сарыкбаева жана долбоордун мүчөсү ИТАС кафедрасынын башчысы Марат Чамашов аталган долбоор 2016-жылдан тартып иштей баштагандыгын, Германия, Хорватия, Румыниянын университеттери жана Кыргызстандан 7 жогорку окуу жайы долбоордун өнөктөштөрү экендигин маалымдашты. Жакынкы аралыкта бул долбоордун алкагында ОшМУда МИТ факультетинде саламаттыкты сактоодогу информатика, БИМ факультетинде саламаттыкты сактоодогу менеджмент адистиктери ачыла тургандыктарын жана европанын жогорку окуу жайларынан атайын делегаттар келишерин айтышты.

Белгилей кетсек, “Видеоконференцбайланыш залын” учурда көп функциялуу телевизор жана видеопроектор, видеобайкоо орнотулуп, тиешелүү каражаттар менен камсыздалган. Жакынкы аралыкта кошумча каражаттар менен толукталат.

Пикир

Оставить комментарий