• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

ОшМУдан эки спортчу Катардагы Азия чемпионатына жолдомо алышты

Аймак 0

Бишкек, 19.02.19. /Кабар/. Ош мамлекеттик университетинен (ОшМУ) эки спортчу Катардагы Азия чемпионатына катышууга жолдомо алышты.

Жакында эле Кыргызстандын жеңил атлетика боюнча биринчилиги болуп өткөн. Анда ОшМУнун "Бизнес жана менеджмент " факультетинин магистранты Алымкан Жамшитбекова жана "Педагогика жана дене-тарбия" факультетинин студенти Максатбек уулу Баястан I орунду ээлешкен.

Анын жыйынтыгы менен алар Катарда 20-апрелде өтө турган Азия чемпионатына катышууга жолдомо алышкан.

Ошондой эле жеңил атлетика биринчилигинде "Педагогика жана дене-тарбия" факультетинин студенти Урматбек Абдылдаев үчүнчү орунду ээлеген.

Пикир

Оставить комментарий