• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ОшМУнун 3 ординатору Россияда тажрыйба топтоп жатат

Билим 0

Бишкек, 20.01.22. /Кабар/. Ош мамлекеттик университетинин (ОшМУ) 3 ординатору декабрь айынан тартып Россиянын Урал мамлекеттик медициналык университетинин клиникалык базаларынан тажрыйба алууда. Бул тууралуу ОшМУнун басма сөз кызматы кабарлайт.

Ординатуранын 3-курсунда билим алып жаткан Айчүрөк Азимова терапия багытында, ординатуранын 2-курсунда билим алып жаткан Усөн уулу Данияр хирургия багытында, ординатуранын 1-курсунда билим алып жаткан Араббой Сулайманкулов кардиология багытында тажрыйба алууда.

“Россиянын Свердлов облустук №1 клиникалык ооруканасында стажировкадан өтүп жатам. Мени оорукананын жамааты жылуу тосуп алышты. Күн сайын мен россиялык мыкты адистерден тажрыйба алып, билимимди тереңдетип жатам. Окуумду аяктап, мыкты хирургдардын катарын толуктарыма ишенем”, - дейт хирургия багытында билимин тереңдетип жаткан Усөн уулу Данияр.

Ал эми Айчүрөк Азимова терапия бөлүмүндө стажировкадан өтүп жаткандыгын айтып, төмөнкүлөрдү белгиледи: «Күн сайын мен өзүмө керектүү жаңы билим, тажрыйбаларды алып жатам. Терапия бөлүмүнүн башчысы оорулууларды кантип дарылоо керектиги боюнча мыкты кеңештерин берүүдө. Бөлүм башчы менен биргеликте оорулуулардан кабар алып, дарылоо ыкмалары менен таанышып жатам”.

«Мен учурда ангиография кабинетинде лабораториянын башчысы Михаил Перминовдун жетекчилигинде тажрыйба алып жатам. Ар жумада кафедра башчы Ольга Миняйлонун катышуусунда өткөн семинарларга катышам. Менин адистигим абай кызыктуу, бул багытта тажрыйба, билим алууга университеттин базасында баары бар экен”,- дейт Араббой Сулайманкулов.

Ординаторлордун тажрыйба алмашуусу май айында аяктайт.

Пикир

Оставить комментарий