• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ОшМУнун 64 студенти борбордогу ЖОЖдордо окууларын улантышат

Билим 0

Бишкек, 20.01.18 /Кабар/. “Ош декларациясы” жана университеттер ортосундагы эки тараптуу келишимдердин алкагында борбор калаанын ЖОЖдоруна аттанып жаткан студенттер 19 – январь күнү ректордун кабыл алуусунда болушту. Бул тууралуу ОшМУнун басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда ОшМУнун ректору Каныбек Исаков академиялык мобилдүүлүк боюнча жасалып жаткан иштер жана алдыдагы максаттар менен ой бөлүшүп акылы сергек, билимге ынтызар студенттерге ак жол, окууларына ийгилик каалады.

“Бүгүнкү күндө Ош мамлекеттик университетинен борбор калаанын ЖОЖдоруна жалпысынан 64 студент (БААУга – 3, БГУга – 5, КММАга -19, КГУСТАга -3, КУУга – 5, КЭУга -4, КРСУга – 8, И. Арабаев университетине -11, Кыргыз –Түрк “Манас” университетине -6 ) 1 семестр бою окуусун улантууга даярданууда. Андан сырткары ОшМУга “Ош декларациясы” боюнча 30 студенттин келиши күтүлүүдө. Академиялык мобилдүүлүк ички карым –катышты чыңдоо жаңы идея, жаңы максаттардын пайда болушуна өбөлгө түзөт”, – деди ОшМУнун эл аралык мамилелер бөлүмүнүн жетекчиси Семетей Амиралиев.

Белгилей кетсек, ОшМУнун 35 студенти Казакстандагы “Эл аралык кышкы мектеп-2018” долбооруна катышат. Ошондой эле жакынкы аралыкта Казакстандын Нархоз, Акдеңиз, Тараз университетине 33 студент академиялык мобилдүүлүктүн алкагында билимин улантууга барышат.

Пикир

Оставить комментарий